Экс-муфтий салык төлөбөгөндүгү үчүн издөөгө алынган эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызско-казахская граница. Архивное фото
Кыргызско-казахская граница. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы чет жактан Кыргызстандын мурдагы муфтийин издеген жок.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Салык төлөбөгөндүгү үчүн издөөгө алынгандардын арасында экс-муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев жок экенин КРдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы Sputnik сайтына билдирди.

Мурдагы муфтий Эгембердиев ири көлөмдөгү салык төлөөдөн качкан деген шек менен Казакстандан кармалган. Түштүк-Казакстан облусунун Сарыагаш райондук соту экс-муфтийди убактылуу камакка алуу боюнча санкция берген.

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Эгембердиев расмий түрдө издөөгө алынбаганын билдирди.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Эгембердиев кызматынан жеке мүнөздөгү видеосу интернетке жарыяланып кеткенден кийин кеткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0