Депутаттын Интерпол аркылуу издөөгө алынган агасы ооруканага жатты

Жазылуу
Депутат Ыргал Кадыралиеванын издөөдө жүргөн агасы Канжар Кадыралиев өз ыктыяры менен прокуратура органдарына келгенин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Прокуратура органынын мурдагы кызматкери Кадыралиев алдамчылык, опузалап акча талап кылуу боюнча сыртынан айыпталып, камакка алуу чечими чыккан. Бирок, ал сотко келбегендиктен издөө жарыяланган болчу.

Башкы көзөмөлдөө органынан билдиришкендей, 2015-жылдын 26-мартында айыпталуучу жана жактоочусу кат түрүндө кайрылып, Кадыралиев ден соолугунан улам ооруканада жатканын кабарлашкан. Маалыматты текшерүү учурунда айыпталуучу Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылганы аныкталган.

Здание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Канжар Кадыралиевдин прокуратурага өзү келгени боюнча жактоочусу бир жактуу жооп айта албады
Учурда тергөө иштери жандандырылып, зарыл болгон аракеттер көрүлүүдө.

2015-жылдын 26-мартында айыпталуучунун жактоочусу Икрамидин Айткулов Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына "Канжар Кадыралиев өз ыктыяры менен прокуратура органдарына барыптыр" деген маалыматты жокко чыгарган эмес, ошол эле учурда тастыктаган да эмес болчу.

2014-жылдын 31-августунда Өзгөндүк ишкер тонолгон. Ишкердин туугандары тоноого Кадыралиев тийиштиги бар экенин билдиришкен. Ал убакта Кадыралиев Ош облустук прокуратурасында иштеп келген. Мамлекет башчы бул ишти тыкыр иликтөөгө алуу керектигин тапшырган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0