Бала бакчанын экинчи кабатынан кулаган бала 4 жашта эмес, 2 жашта экени такталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
№113 балдар бакчасынын экинчи кабатынан кулаган бала балдар бакчасында иштеген кызматкердин баласы экени аныкталды.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113 "Баластан" балдар бакчасынын экинчи кабатынан кулап түшкөн бала 4 жашта эмес, 2 жашта экени такталды.

Машина скорой помощи возле входа в городскую больницу. - Sputnik Кыргызстан
Бала бакчанын экинчи кабатынан кулап түшкөн бала реанимацияда
Такталган маалыматтарга ылайык, экинчи кабаттан кулап түшкөн бала балдар бакчасында иштеген кызматкердин баласы.

Жеке булак Sputnik сайтына кабарчысына билдиргендей, окуя болгон учурда баланын апасы биринчи кабатка эртең мененки тамакты алып келгени кеткен. Бала калган бөлмөнүн терезелери ачык болчу.

Учурда жабыркаган бала 3-балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө. Анын абалы жөнүндө дарыгерлер эч маалымат бере элек.

113-балдар бакчасынын экинчи кабатынан бала кулап кеткенин окуяга күбө болгондор билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0