Швециянын ресторанындагы атышуудан эки адам каза тапты

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүТапанча. Архив
Тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Хисинген аралында жайгашкан Гетеборг шаарында болду. Ага күбө болгондордун биринин айтымында, эки киши ресторанга кирип барып автоматтык курал менен отургандарга ок аткан. Полиция азырынча кылмышка шектелүүчүлөрдү кармай элек.

БИШКЕК, 19-мар — Sputnik. Хисинген аралында жайгашкан Гетеборг шаарындагы ресторандардын биринде ок атуудан бин нече адам жарадар болуп, жок дегенде эки киши каза тапты деп билдирет РИА Новости бейшембиде швед ЖМКларына таянуу менен.

"Ок атуулар Ворведерсторйет аянтындагы ресторанда болду", — деп айтып берди Шведциянын СВТ телеберүүсүнөн полициянын өкүлү Йенни Виден.

Окуяга күбө болгондун айтымында, эки киши ресторанга кирип барып автоматтык курал менен отургандарга ок аткан. "Мен эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Андан соң досумдун денесинен кан чыгып жатканын көрө калып, колум менен басып канды токтотууга аракет кылдым", — деп айтып берди СВТ телеберүүсүнө өзүн атагысы келбеген бул күбө.

Басма сөз үчүн билдирүүсүндө полиция эки киши каза тапты, бирок алардын саны көп болушу мүмкүн деп жазган. "Бул жөнөкөй кылмыш эместиги түшүнүктүү. Ал кылмыштуу топтор менен байланыштуу болгондугун көп нерселер айгинелеп турат", — дейт полициянын өкүлү Гетеборга Улла Брем.

Полиция азырынча кылмышка шектелүүчүлөрдү кармай элек.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0