УКМК: Жалал-Абадда уурдалган бөбөктөр табылды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКуурчактар. Архив
Куурчактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сузакта уурдалган эки бала аман-эсен табылып, аны уурдаганга шектүүлөр кармалды.

БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Жалал-Абад облусунун тургуну шаршембиде, 18-мартта УКМКнын аталган аймактык бөлүмүнө кичинекей эки уулун уурдап кетип, кайра кайтаруу боюнча 10 миң доллар талап кылып жатканын айтып кайрылган.

Омбудсмен Кыргызской Республики Бактыбек Аманбаев - Sputnik Кыргызстан
Балдар акыйкатчысынын кызматын КРде мыйзамдуу киргизүү сунушталууда
Тогуз жана сегиз жашар балдарды уурдап кеткендер акча төлөнбөсө өлтүрөбүз деп коркуткандыгын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызматтын Жалал-Абад облустук бөлүмү ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында уурдалган эки бала аман-эсен табылган. Аларды уурдаганга шектелген Сузак районунун Комсомол айылынын эки тургуну кармалды. 

Маалымат кызматы аталган факты боюнча Жалал-Абад Ички Иштер Башкармалыгынын тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 132- Адам уурдоо беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0