"Айчүрөк" дүкөнү кырсыктан соң штаттык режимде иштеп жатат

Жазылуу
Азыр соода борборундагы кырсык болгон лифтти колдонууга чектөө коюлду.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан "Айчүрөк" соода борбору кырсыктан кийин штаттык режимде иштеп жатканын окуя болгон жерден Sputnik сайтынын кабарчысы билдирди.

ӨКМ "Айчүрөктө" каза болгондордун аты-жөнүн тактады
Азыр кырсык болгон лифтти колдонууга чектөө коюлду. Калгандары соода борборго кирип-чыккан эл үчүн ачык. 

Жума күнү эртең менен "Айчүрөк" соода борборундо лифт оңдоп жаткан эки киши аркан үзүлүп кетип, 6-кабаттан кулап түшкөн. Алар 35 жана 36 жаштагы жарандар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык болгон жерге келген дарыгерлер 6-кабаттан кулап түшкөн эки жаран ошол жерде каза болгонун аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0