Абдыкапаровдун иши боюнча процессуалдык тартип бузуулар көп дейт адвокат

Жазылуу
Мурдагы башкы прокурордун жубайынын адвокаты Тимур Жанаев Абдыкапаровдун айыбы далилденген жок жана иште процессуалдык тартип бузуулар көп дейт. УКМК анын нааразылыктарына комментарий берүүдөн баш тартты.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жубайы Бакыт Абдыкапаровдун кылмыш иши боюнча процессуалдык тартип бузуулар көп деп билдирди бейшембиде Sputnik кабарчысы менен болгон маегинде адвокат Тимур Жанаев.

Мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан Бакыт Абдыкапаровго 2014-жылдын сентябрында козголгон кылмыш ишинин материалдары боюнча күнөө коюлгандыгын билдирген. 

Адвокаттын айтымында, иштин фигуранттарынын бири менен бетме-бет жолугушууда ал өткөн жылы жайында келишим түзүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Абдыкапаровго кайрылганын айткан.

"Бирок ал жолугушуу боюнча протоколду окуп, анын сөздөрү тергөөнүн пайдасына бурмаланып берилгенин таптым. Протокол менен таанышкандан кийин менде суроолор пайда болгон, бирок аларды тергөө алдындагыга берип жооп алуу жөнүндө менин өтүнүчүмдү тергөөчү аткарган жок", — дейт Абдыкапаровдун өкүлү.

Борбордук жылуулук станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Салянованын күйөөсү экинчи кылмыш иши менен күнөөлөндү
Адвокат башка процессуалдык тартип бузуулар да болгонун айтты. Мисалы, кылмыш иши козголгондугу жөнүндө бардык материалдардын көчүрмөлөрү ага берилген эмес.

Андан тышкары, коргоочу жазалоо чарасынын үстүнөн арыз бергени жатат. Жанаевдин маалыматы боюнча, убактылуу кармоо жөнүндө соттун чечиминде түнкү мезгилде үй камагына саат 20.00дөн 06.00гө чейин алынсын деп көрсөтүлгөн. Бирок кылмыш жаза процессуалдык мыйзамына ылайык түнкү мезгил 22.00дөн 06.00гө чейин деп аныкталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет үй камагына алуу жөнүндө токтомду аткарууну УКМКнын тергөө бөлүмүнө тапшырууну өтүнгөн деп эсептейт адвокат, ал эми мыйзам боюнча муну жаза чарасы көрүлгөн адамдны жашаган жери боюнча ички иштер органы аткарышы керек болчу. 

Коргоочу тарап эми кандай кадамдарды жасай тургандыгы жөнүндө суроого Жанаев тергөөнүн аякташын күтүп сот процесси ачык болушуна аракет жасай тургандыктарын айтты. 

"ЖМК жана жарандар алдында көрсөтмөлөрүн ырастап, далидерин келтирсин. Тергөө тарабынан белгиленгендердин баары чындыкка жатпайт. Абдыкапаровдун айыбы аныкталган эмес. Сот бул ишке өзү чекит койсун", — деп кошумчалады адвокат.

Ал эми УКМК анын нааразылыктарына комментарий берүүдөн баш тартты.

Бирок мурдараак Улуттук коопсуздк боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, 2014-жылдын жайында Абдыкапаров мыйзамсыз пайда табуу максатында башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Джетыбаевдин иш-аракеттерин башкаргандыгын тергөө аныктаган. Өз кезегинде Джетыбаев БПнын атынан "Электр станциялары" ААКга Казакстандын "Жезказган Энергосбыт" компаниясы менен келишим түзүүгө кысмырлаган.

Аталган компаниянын көмүр сатуу боюнча тажрыйбасы жок болчу, ал эми сунушталган көмүрдүн спаты начар экендигин лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары көрсөткөн. УКМКнын билдирүүсүндө 13 миллион сом зыян келтирилген деп айтылат.

Буга Абдыкапаровдун адвокаты келишим кыргыз тарап үчүн абдан пайдалуу шартта түзүлгөн жана көмүр боюнча айрым талаптар коюлган эмес деп билдирди. Келишим 3-сентябрда түзүлүп, кылмыш иши болсо 16-сентябрда козголгон дейт ал. 

"Кандайдыр бир зыян тартуулар жөнүндө эрте болчу, себеби көмүрдүн биричи бөлүгүгү келсе да, келишим түзүлгөндөн кийин 13 эле күн өткөн. Бул иш боюнча Абдыкапаровду суракка чакырышкан. Анда ал сентябрдын аягында ага Бишкектин ЖЭБинде иштеген бир жакшы таанышы кайрылганын айткан. Абдыкапаров Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу келишим түзүлгөнүн билдирген. Бирок кайсы бир адамар президенттин атын жамынып алышып, азыр келишимди жоюу аракеттенип борбордун ЖЭБиндеги коррупция факттары бар деген шылтоо менен кылмыш ишин козгоду", — дейт Жанаев.

Биринчи кылмыш иши 2015-жылы 5-январда УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан "Тазалык" МИнин кызмат адамдарына каршы кылмыш ишин токтотуу маселесин чечүү үчүн айрым адамдар 50 миң доллар пара алган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Абдыкапаровго КЖКнын 166- "Алдын ала макулдашуу боюнча топ адамдар жасаган ири көлөмдөгү алдоочулук" беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмү боюнча айып коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0