ИИМ: Анапияевдин иши боюнча белоруссиялык тергөөчүлөр келебиз деп айтыша элек

Жазылуу
Ички иштер министрлиги Анапияевдин өлүмүн иликтөө боюнча белоруссиялык тергөөчүлөрдөн КРге келебиз деп расмий документ келип түшпөгөндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жалпыга маалымдоо каражаттары белоруссиялык тергөөчүлөр КРге келүүгө ниеттенип жатат деп жазышты, бирок, ИИМге алардан расмий кат келип түшкөн жок деп билдирди маалымат жыйынында министр Мэлис Турганбаев. 

Шейшемби күнү, 10-мартта Белоруссиянын Тергөө комитетинин маалымат кызматы Sputnik маалымат сайтына, Кыргызстандын ички иштер министрлигине иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча кат жибергендигин, бирок, расмий документке азырынча жооп келе электигин билдирген. 

Бакиев Анапияевдин өлүмүнө күнөлүү экендигин сот чечет — Шушкевич
Тургунбаевдин айтымында, КР ИИМи криминалдык дүйнөнүн аталыгы Алмамбет Анапияевдин өлүмү боюнча анын жардамчысы Гүлжигит Абилазизовдун берген көрсөтмөсүнө таянып алынган версияны карманып тургандыгын айтты. Абилазизов 2015-жылдын февраль айында Минскиде жасалган кылмышка күбө катары маалымат берген.

Абилазизовдун берген көрсөтмөсүнө ылайык, кримтөбөлдү өлтүрүүгө Жаныш Бакиевдин катыштыгы болушу мүмкүн. Себеби, ал Жаныш Бакиевге окшош кишини Анапияев өлөр күнү анын үйүнөн көргөнүн айткан.

Минск шаарынан криминалдык авторитет Алмамбет Анапияевди өлтүрүп кетишти деген маалыматтар 19-февраль күнү кечинде жергиликтүү ЖМКларга чыккан. Белоруссиянын укук коргоо органдары Либкнехт көчөсүнөн "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаанын багажынан адамдын сөөгү табылганын билдиришкен. Өлүктүн жанынан Шакиров Алмазбек Мийзамович деген жаранга берилген Россиянын паспорту табылган. Паспорттогу сүрөт кыргызстандык криминалдык авторитет Алмамбет Анапияевге таандык экендигин белгилүү болгон. 

18-февралда Минсктин Карл Либкнехт көчөсүндө автоунаанын багаж бөлүгүнөн колу-буту байланган кишинин жансыз денеси табылган. Белоруссияга келген туугандары өлгөн адам эл аралык издөө жарыяланган Анапияев экендигин таанышкан.

Анапияевди 2012-жылы АКШнын бийлиги криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен бирге эл аралык криминалдык топ уюштурду деп таанып, кара тизмеге киргизилип, мүлкү камакка алынган. 2014-жылы аны Дубайда кармалды деген маалымат тараган. Бирок, аны болгону документтерин тактоо үчүн эле полицияга чакырылганы жана ошол эле күнү кое берилгени маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0