Ат-Башы районунун 27 жаштагы тургуну өз атасын мыкаачылык менен сабап өлтүрдү

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЗаседание суда по "болотному делу"
Заседание суда по болотному делу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 1988-жылы туулган жараны 57 жаштагы атасын чырдаша кетип, сабап өлтүргөн.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. 16-февралдан 17-февралга караган түнү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында түнкү саат 10:30 чамасында мас абалындагы баласы атасы менен чырдаша кетип, аны үйүнөн сабап өлтүргөн. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматынан Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Архив: мылтык - Sputnik Кыргызстан
Айылдашын аткан айыл өкмөт башчынын ишин прокуратура тергеп жатат
Милициянын маалыматына ылайык, 1988-жылы туулган К.Т. аттуу жаран өз атасын башка көзгө койгулап, өтө мыкаачылык менен өлтүргөн. Окуя болгон жерге Ат-Башы райондук милициянын оперативдүү тергөө тобу барган. 57 жаштагы маркумдун сөөгүн сыртынан кароо болуп, сот-медициналык экспертиза белгиленди.

27 жаштагы тургунга Кылмыш жаза кодексинин 94-беренесине ылайык "Адам өлтүрүү" фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Өз атасын сабап өлтүрдү делген жаран учурда убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Анын үй-бүлөсү жана бир баласы бар.

Буга чейин Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында адам өлтүрүү фактысы болгон. Анда айыл өкмөт башчысы жергиликтүү тургунду мылтык менен атып салган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0