Нарын облусунда 3,5 баллдык жер титирөө болду

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф
Сейсмограф - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөдөн жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

БИШКЕК, 14-фев — Sputnik. Жер титирөө Нарын шаарынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен аймакта катталды деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы.

Сейсмология институтунун маалыматында, зилзаланын очогу Таш-Башат айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым аралыгында жайгашкан. 

"Каза болгондор менен жабыркагандар болгон жок", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Кыргызстандын эл жашаган башка аймактарында жердин титирегени байкалган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0