Мамлекеттик чек араны бузган өзбек жараны кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЧек ара. Архив.
Чек ара. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аксы району аймагынан кыргыз-өзбек чек арасын бузган жаран кармалды.

БИШКЕК, 7-фев — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мамай аймагынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын бузган өзбек жараны Ала-Бука чек ара отряды тарабынан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын жаранынын жанында ким экенин аныктай турган бир да документи болгон эмес. Тийиштүү документтер толтурулган соң ал Аксы районунун укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, 6-февралда мамлекеттик чек ара режимин бузган Кыргызстандын жараны кармалган. Кармоо учурунда анын жанынан алты огу менен аңчылык мылтыгы алынган. Анын курал алып жүрүүгө жана аңчылык кылууга уруксаты болгон эмес.

Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жаран Араван районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0