Атамбаев Сауд Аравиясынын Королунун каза болгонун байланышуу көңүл айтты

© REUTERS / Dylan MartinezШестой король Саудовской Аравии Абдалла бен Абдель Азиз Аль Сауд
Шестой король Саудовской Аравии Абдалла бен Абдель Азиз Аль Сауд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан президенти Сауд Аравиясынынын Королунун КР менен аталган мамлекеттин эки тараптуу мамилесинин калыптанышына кошкон салымын баа жеткис деп баалады.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиясынын Королу Абдалла Бин Абдель Азиз Аль Сауддун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын телеграммасында Абдалла Бин Абдель Азиз Аль Сауд залкар мамлекеттик ишмер жана саясий лидер катары анын дүйнөгө зор кадыры, урматы болгондугу белгиленет. 

"Ал Сауд Аравиясын даанышмандык менен башкарып, аны араб жана ислам мамлекеттеринин саясий жана экономикалык лидерине айлантып, бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүнүн ортосундагы тилектештикти бекемдөө ишинде, дүйнөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууда алдыңкы орунга чыгарды", — деп белгиленет көңүл айтууда.

Президент Атамбаев декабрь айында аталган мамлекетке жасаган сапарында эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышкандыгын жана ага кошкон салымын белгилеген. 

"Улуу Даражалуу Король Сауд Аравиясына жасаган расмий иш сапарымда мени менен жолугушуу өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы ынак достук мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошуп, өнөктөштүктү жогорку жаңы деңгээлге көтөрүүдөгү анын жекече эмгеги биз үчүн баа жеткис", — деп белгиленет Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктар Сауд Аравиясынын элинин азасын тең бөлүшөөрүн белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0