УКМК Баш прокурордун күйөөсүнө айып тагылгандыгын жокко чыгарды

Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Салянованын күйөөсү тергелип жаткан кылмыш иши боюнча Бакыт Абдыкапаровго айыптар тагылды деген маалыматты четке какты.

БИШКЕК, 20-янв — Sputnik. УКМК Башкы прокурор Аида Салянованын жубайы Бакыт Абдыкапаровго Бишкек шаардык жылуулук берүү борборуна сапатсыз көмүр алып келүү боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш иши боюнча айыптар тагылды деген маалыматтарды четке кагат. Бул туурасында аталган кызматтын маалымат кызмати билдирди. 

Состоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры - Sputnik Кыргызстан
Булактар Башкы прокурор Салянова отставкага кеткендигин билдирди
УКМКнын маалыматында жогоруда айтылган кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерине, "Электрстанциялар" ААКтын коммерциялык директоруна, Бишкек жылуулук берүү борборунун кызматкерине жана "Жезказган Энергосбыт" компаниясынын өкүлүнө күнөө коюлган.

Маалымат кызматынан 2015-жылдын 5-январында жабырлануучулар жазган арыздын негизинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык фактылары боюнча УКМК тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту, 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирди. 

"Тергөөнүн жүрүшүндө адамдар тобу алдамчылык жол менен УКМК тарабынан "Тазалык" кичи ишканасынын кызматтык адамдарына карата козголгон кылмыш ишин токтотууга көмөктөшүү үчүн 50 000 доллар алып алгандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Кылмыш иши боюнча өтүп жаткан күбөлөр бул фактыга башкы прокурор Аида Салянованын жубайы Бакыт Абдыкапаровдун түздөн-түз тиешеси бар экендиги боюнча так көрсөтмөлөрдү беришкен", — деп кабарлады УКМКнын маалымат кызматы. 

УКМКдан учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумча маалымат катары билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0