Ош-Бишкек жолу ачылып, автотыгын сээлдей баштады

Жазылуу
Бишкек – Ош унаа жолунун 128-129-чакырымдарында автотыгынга калган айдоочулар өз күчү менен жол кыймылын жөнгө салууга аракеттеништи. Түндөн бери тосулуп турган жол таңкы саат 7:30дарда ачылды.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Кыргызстан аймагындагы жаап жаткан калың карга байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунда кыймыл кыйындап, автоунаалардын тыгыны пайда болуп, жүргүнчүлөрдүн алды түнкү саат 10дордон тарта жолдо калган. Бул туурасында Бишкек – Ош жолунда сапарга чыккандардын бири Мээрбек аттуу жүргүнчү билдирди. Ал эми транспорт министрлигинин маалымат кызматы жол саат 7:30да ачылгандыгын кабарлады. 

ӨКМ маалымат кызматынын билдиришинче, учурда Бишкек – Ош унаа жолунун 128-129-чакырымдарында болжол менен 300 автоунаа токтоп турат. Бишкек – Ош унаа жолунун "Сосновка" постунан оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилип, азыркы учурда постто болжол менен 25 оор жүк ташуучу автоунаа токтоп турат.

Бишкек – Ош автожолундагы сапарга чыгып, жолдо калган Мээрбек Өтмөк ашуусунун аймагында эки тараптан тең каттагандар 1 чакырымга жакын аралыкта автоунаалар тыгынга кабылгандыгын айтып берди.

"Бишкек – Ош жолуна чыккандар 14-январь, кечки саат ондор чамасынан бери жолдо калышыптыр. Жолдо токтоп калган жеңил автоунаалардын саны 300гө, ал эми жүк ташуучу ири автоунаалардын саны 80ге чукулдап барат. Айдоочулар абалдан чыгуу үчүн бири-бирине жардам берип, автонунаалардын жолдон кыйгачтатып, айтор, тыгынды эптеп жөнгө салуунун аракети көрүп жатышат. Тиешелүү министрликтен азыр келишип, эми араң жардам бере баштады. Биз кайрадан жолго чыктык", — деди Мээрбек Sputnik маалымат сайтына. 

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун айтымында, эртең менен чындап эле автонуулардын тыгыны болгон, бирок учурда жол ачык.

"Таңкы саат 5:30дарда Бишкек – Ош жолунун 128-129-чакырымдарында жүк ташуучу эки машина бири-бирин тарта албай жолду тороп калган. Анын кесепетинен авто тыгын пайда болгон. Учурда ал четтетилип, жол ачылды", — деди ал.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы алыскы жолго чыккандарга көчкү менен кар күрткүдөн сак болуусун эскертти.

Автомобилге кышкы дөңгөлөктү кантип тандоону Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >> 

Жаңылыктар түрмөгү
0