Австралиянын түштүгүндө токой өртү катуу жүрүүдө, 30 чакты адам жабыр тартты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАрхив: токой өртү
Архив: токой өртү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттүн айынан миңдеген адамдар өз үйлөрүн таштап кетүүдө, эки адам дайынсыз жоголгон.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Австралиянын Түштүк Австралия жана Виктория штаттарындагы токойлор табигый өрт кучагында калды. Натыйжада 30 чакты адам, негизинен өрт өчүрүүчүлөр, жабыр тартты деп Түштүк Австралия штатынын премьери Жей Уэзериллге таянуу менен билдирет РИА Новости.

Күндүн 38 градус ысык болушунан жана катуу шамалдан жакынкы арада өрттөрдүн күч алуусу күтүлүп жатат. Өрт менен 500дөн ашуун өрт өчүрүүчү алышууда.

Жекшембиде дайынсыз жоголгон эки карыя адам табылды, алардын абалы жакшы деп бааланууда. 

Өрт жума күнү Аделаида шаарынын түштүк тарабындагы токойдо пайда болуп, күндүн ысыгынан жана шамалдан от жалыны башка жерлерге да тарады. Бийликтин маалыматына караганда, 13 гектардан ашык токой өрттөлүп, анын натыйжасында бир нече миң адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0