Жаңы жылдын символдору – өзгөчө коргоо алдында

© Sputnik / Табылды КадырбековКак устанавливали главную елку страны
Как устанавливали главную елку страны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балатылар, карагайлар жана туя жаңы жылдык майрам мезгилинде катуу күзөткө алынат. Жашыл дарактарды коргоодон сырткары, күч кызматкерлери пиротехникалар сатылчу жана майрамдар өткөрүлчү жайларды да көңүл буруусуз калтырбайт.

БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Кыргызстандын милициясы өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаңы жылдык майрам күндөрү балатыларды күнү-түнү кайтарышат. КРнын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, ийне жалбырактуу дарактарды кыюуга жол бербөө үчүн атайын топтор түзүлүп, алар жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте түнкү күзөт жүргүзүшөт деп билдирет РИА Новости

Салюттар, фейерверктер жана башка пиротехника да укук коргоо кызматтарынын көзөмөлүндө болот. 

"Кыдырып текшерүү жана оперативдик алдын алуу чараларынын жүрүшүндө пиротехникалык буюмдар сатылып жаткан жерлер аларды сатуу жана сатып алуунун мыйзамдуулугу жагынан текшерүүгө алынат. Милициянын тийиштүү кызматтары мектептерде жана жашаган жерлери боюнча өспүрүмдөр арасында пиротехниканы колдонуудагы коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт", — деп белгиледи маалымат кызматы.

Жаңылыктар түрмөгү
0