Баткендин Булак-Башы жайлоосундагы тогуз үйдү өрттөп кетишти

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүПожар на складе пиротехники в районе оптового рынка "Дордой" в пригороде столицы Киргизии
Пожар на складе пиротехники в районе оптового рынка Дордой в пригороде столицы Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендин Бужум айылынын жашоочулары жайлоодогу үйлөрүн кимдер өрттөп кеткенин так биле албай турушат.

БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Баткендин Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын жашоочуларынын Булак-Башы жайлоосундагы 9 турак-жайы жана 2 мал сарайы өрттөнүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Күйүп кеткен үй менен чарбалардын өрттөлгөндүгү боюнча учурда Баткен райондук РИИБи териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

"17-25-декабрь аралыгында Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын жашоочулары жайлап жүргөн жайлоодогу үйлөрүн белгисиз адамдар өрттөп кеткен. Алар Баткен РИИБине кечээ, бейшемби күнү арыздарын таштап кетишти. Атайын комиссия түзүлүп, келтирилген чыгымды жана өрттүн себептерин иликтеп жатат. Кылмыш иши ачыла элек", — деп билдирди Баткен ОИИБдин маалымат катчысы Дамира Юсупова Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына.

ӨКМдин маалымат кызматын Булак-Башы жайлоосу Тажик Республикасынын Ворух аймагынан 12 чакырым аралыкта жайгашкандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0