Балыкчы шаарынын депутаты сотко пара берип жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Депутат айымдын бул аракетине карата кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Балыкчы шаарынын депутатын сотко иш бөлмөсүндө пара берип жаткан жеринен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 22-декабрда кармаганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат айым сотко маңзатты сактоо жана аны алып жүрүү боюнча соттолуп жаткан кишинин пайдасына чечим чыгарып берүү үчүн 20 миң сом сунуштаган.

Аталган окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 314-беренеси (Пара берүү) боюнча иш козголуп, тергөө жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0