Бишкек шаарынын тургуну карызга батып, атынып өлгөн

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүПатрон 7Н31 с броневой пулей
Патрон 7Н31 с броневой пулей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карызга баткан киши акчасын төлөй албагандыктан өз жанын кыйган.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургуну карызга батып, 22-декабрда атынып өлгөнүн Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда кечки саат 21:30дарда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө суицид тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери №74 мектептин жанынан 45 жаштагы Адистин сөөгүн табышкан. Ал тапанча менен өзүн-өзү башка атканы аныкталган. Окуя болгон жерден курал табылган.

Маркумдун досунун берген көрсөтмөсүнө ылайык, окуя болор күндүн кечинде маркум досу Эмил менен жолугуп, анын мас экенине таң калган, себеби ал арак иччү эмес. Адис карызга өтө батып кеткенин жана андан кутулуу үчүн жарык дүйнө менен кош айтышуу оңой экенин айткан. Ал досун жооткотуп коюп, аялы менен кайтып келгенде Адистин жансыз денесин табышкан.

Учурда Ленин райондук ички иштер бөлүмү окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0