07:56 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Южная магистраль в городе Бишкек

Түштүк магистралда май куюучу жай салууга уруксат бергендердин иши сотко өттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
11 0 0

Бишкек шаарынын Тынчтык проспектиси менен Түштүк магистралынын кесилишине май куючу жай салууга уруксат бергендердин иши сотко өттү.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Бишкекбашкыархитектура жана Мамкурулуш агенттигинин мамлекеттик экспертиза департаментинин кызмат адамдарынын иши тергелип бүтүп, ушул жылдын 17-декабрында сотко өткөнүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө маалында аталган мекемелердин кызматкерлери Бишкек шаарынын түштүк аймагынын деталдуу планына өзгөртүү киргизген жана уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз бергени аныкталган. Бишкекбашкыархитектурада иштеген 4 кишиге, Мамкурулуш агенттигинин мамлекеттик экспертиза департаментинин 2 кызматкерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана жасалма документтерди даярдоо боюнча айып тагылган.

Учурда кылмыш ишин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап жатат.

Белгилей кетсек, "Дельта Петролиум" ЖЧКсына Тынчтык проспектиси менен Түштүк магистралынын кесилишине май куюучу жайды куруу боюнча мыйзамсыз уруксат берүү жана Бишкек шаарынын түштүк аймагынын башкы планына мыйзамсыз өзгөртүү киргизүү боюнча кылмыш иши козголгон.

Тема боюнча

Бишкекте борбор шаардын Башкы планын ачыкташты
Бишкекте курулушун кытайлык компания каржылай турган мектептин жерпайы түптөлдү
Кулматов: Бишкек инвестиция үчүн ар дайым ачык
Белгилер:
Дельта Петролиум, Бишкекбашкыархитектура, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ