КЭРдин жээгине жакын жерде кайык чөгүп, үч адам каза тапты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Китай
Страны мира. Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайыктын чөгүп кетишине байланышкан окуя бейшемби күнү кечинде Шаньдун провинциясынын Жунчэн шаарынан алыс эмес жерде болгон.

БИШКЕК, 20-дек — Sputnik. КЭРдин чыгыш жээгинде жыгач кайык көңтөрүлүп, сууга чөгүп кеткендигинин натыйжасында үч адам каза болуп, 14 адам дайынсыз жоголгон деп билдирет РИА Новости "Синьхуа" кытайы агенттигине таянуу менен. 

Окуя бейшемби күнү кечинде Шаньдун провинциясынын Жунчэн шаарынан алыс эмес жерде болгон.

"Синьхуа" агенттиги жергиликтүү полицияга таянуу менен билдиргендей, окуя болгон учурда кайыкта 22 адам бар болчу. Алардын бешөөсүн куткарып калышкан. Азыр окуя болгон жерде издөө жүрүп жатат. Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына караганда, кайык адамдарды мыйзамсыз сатуу аракеттеринде пайдаланылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0