12:06 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Самолет Airbus A330

РФтин ТИМ: Ливия кармалган учактын экипажынын айрым мүчөлөрүн коё берди

© Sputnik / Максим Блинов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
5 0 0

16-декабрда Триполи бийлиги 13-ноябрда Ливиянын түштүк-батышындагы Гадамес шаарында кармалган Route Aviation авиакомпаниясынын учагынын айрым экипаж мүчөлөрү бошотту деп билдиришти РФтин ТИМинде. Ал жерде белгилегендей, кармалгандардын арасында бир россиялык, бир кыргызстандык жана эки украиналык бар.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Ливия 13-ноябрда өлкөнүн түштүк-батышында кармалган Route Aviation авиакомпаниясынын учагынын айрым экипаж мүчөлөрүн бошотту, алардын арасында Зыков деген Кыргызстандын бир жараны бар деп билдирет РИА Новости РФтин ТИМине таянуу менен.

"16-декабрда Триполи бийлиги 13-ноябрда Ливиянын түштүк-батышындагы Гадамес шаарында кармалган Route Aviation авиакомпаниясынын учагынын айрым экипаж мүчөлөрү бошотту деп билдиришти РФтин ТИМинде. Алардын арасында россиялык Калашников, кыргызстандык Зыков жана эки украиналык жаран Предоляк жана Каракай бар", — деп айтылат бейшембиде Россиянын тышкы саясат ведомствосунун сайтында жарыяланган билдирүүдө. 

ТИМде "бул окуя болгон мезгилден тартып биздин жарандарды бошотуу үчүн Ливиянын ар түрдүү уюмдарынын өкүлдөрү менен активдүү иш алып барган россиялык дипломаттардын аракеттеринин аркасында мүмкүн болду" деп белгилешти.

Белгилер:
Кыргызстан, Триполи, Ливия

ЭҢ МААНИЛҮҮ