Индиядан келген эт кыргыз-тажик чек арасында кармалды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАрхив: эт
Архив: эт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, чек арада кармалган товарды Бишкекке алып келип сатууга аракет кылышкан.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Индиядан алынып келе жаткан буйволдун эти жүктөлгөн жүк ташуучу машинаны кыргыз-тажик чек арасынан кармашканын, аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаранга таандык болгон жүк ташуучу машинадан аткезчилик менен ташылып келе жаткан, баасы 640 миң сомдук 2 тонна эт кармалган.

"Этти алдын ала текшерген Оштогу ветеринардык диагнозтика жана экспертиза борборунун кызматкерлери эттен микробдорду табышкан. Ага карабастан аткезчилер этти борборго алып келип сатууга аракет кылышкан", — деп айтылат маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси ("Аткезчилик") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0