Ысык-Көл облусунда 3,5 баллдык жер титиреди

Жазылуу
Ысык-Көл облусунда 3,5 баллдык жер титирөө болуп, Балыкчы шаарында 2,5 балл болгон.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдагандай, түнкү саат 00:28де Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам
Жер титирөөнүн очогу Кайыңды айылынан 8 чакырым түштүк-чыгышты, Тегирменти айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышты, Тору-Айгыр айылынан 28 чакырым түндүк-батышты жана Балыкчы шаарынан 30 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жердин силкинүү күчү Кайыңды айылында 3,5 балл, Тегирменти айылында 3 балл, Тору-Айгыр айылында, Балыкчы шаарында 2,5 балл болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жабыр тарткандар болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0