Башкы штаб жоокердин өлүмү боюнча борбордук аскер бөлүгүнүн офицерлерин жазалады

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАрхив: жоокер
Архив: жоокер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоокердин өлүмүн териштирүүнүн жыйынтыгы чыкты, аны атып алган лейтенант абакта, алты офицерге жаза каралды.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын буйругу менен алты офицер кызматтык милдетин так аткарбагандыгы үчүн борбордогу зениттик-ракета аскер бөлүгүнүн контракттык кызматынын ефрейторунун өлүмүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул туурасында аталган штабдын маалымат кызматы билдирди. 

22-ноябрда лейтенант Турматов куралга кылдат мамиле кылбагандыгынан улам, ефрейтор Көчөрбаевди атып алып, аскер алган жаракатынан шаардык ооруканага бараткан жолдо каза тапкан. 

"Бул окуяны комиссия командачылыгы тарабынан аскердик кызмат менен аскер тартибин уюштуруудагы жетектөөчү документтердин аткарылышын көзөмөлдөө начарлыгынан, офицердик курам менен жекече тарбиялык иштердин жүргүзүлбөгөндүгүнөн, жоокерлердин моралдык-психологиялык сапаттарын билбегендигинен келип чыккандыгын аныктады", — деп айтылат аталган ведомствонун маалымат кызматы тараткан билдирүүдө. 

Комиссия тарбынан жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Куралдуу күчтөрдүн башкы штаб жетекчисинин күнөөлүүлөрдү жазалоо тууралуу буйругу да чыккан. 

Буйрукка ылайык, 

  •  Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн(АККК) командачысынын орун басары – штаб башчысы,
  •  АККК командачысынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары,
  •  №97632 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары – штаб башчысы, 
  •  №97632 аскер бөлүгүнүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, 
  •  № 97632 аскер бөлүгүнүн командиринин куралдануу боюнча орун басары,
  •  №97632 аскер бөлүгүнүн "Б" бөлүкчөсүнүн командири,

№99718 жана №97632 аскер бөлүктөрүнүн жалпы кызматтык иш-аракеттерин текшерүү боюнча териштирүү комиссиясынын материалдары Аскер прокуратурасына жиберилди. 

Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду, Турматов гарнизондук абакка камакка алынып, териштирүүлөр жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0