Ошто эки мектеп окуучусу зордукчулар менен интернеттен таанышкан

Жазылуу
Интернеттен таанышкан кыздарды жолугушууга чакырган студенттер, аларды мас кылып, зордуктап, уруп-сабашкан. Оштун милициясы бул боюнча шектүү делген эки студентти кармады.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Түштүк борбордун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери аталган шаардын жогорку окуу жайларынын биринин эки студентин жашы жете элек кызды зордуктаган деген шек менен кармашты. Бул туурасында шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Өспүрүм Сириядагы согушка үндөп жүргөн
Маалыматтарга караганда, эки студент сегизинчи класстын окуучулары менен социалдык тармак аркылуу таанышкан. Сентябрь айында студенттер окуучу кыздарды жашаган батирине алдап чакырып, спирт ичимдиктерин кыйнап ичиришип, уруп-сабап, зордукташкан. 

Ички иштер башкы башкармалыгынын билдирген маалыматында, кыздардын дене-башы көгөрүп, бир топ жабыркаган. Бул боюнча кылмыш иши козголду. 

"Учурда шектелгендер Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилди. Жакынкы аралыкта шаардык сот кармалган адамдарга карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселени карайт", — деп билдирди аталган маалымат кызматынан.

Жаңылыктар түрмөгү
0