06:01 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Обстановка в городе Ош

Ала-Букадагы аскер бөлүгүндө бир офицер өз кесиптешин атып алды

© Sputnik / Андрей Стенин
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
29 0 0

Ала-Букадагы № 30670 аскер бөлүгүндө каза болгон офицер тууралуу окуя боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабдык кызматында иликтөө иштери башталды.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Ала-Букадагы № 30670 аскер бөлүгүндөгү офицердин каза болгондугу жөнүндө маалыматтар кеңири тарай баштады. Бул туурасында КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.  Бейшемби күнү кечки саат бештер чамасында  улук лейтенант экинчи лейтананттан аскердик бөлүктөгү нөөмөтчүлүктү өткөрүп алып жатып,  курал колдонуудагы коопсуздук чараларын одоно бузгандыктан кесиптешин атып алган. Анын кесепетинен экинчи лейтенант райондук ооруканага жетпей, жолдо каза болгон. 

Бул окуя боюнча КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында кызматтык иликтөө башталды.   Башкы штабдын жетекчисинин орун басары Жаныбек Капаров бүгүн таңда бир нече офицерлердин тобу менен Ала-Букага учуп кетти. 

Учурда кырсык болгон жерде Жалал-Абад аскер прокуратурасынын гарнизон өкүлдөрү иликтөө иштерин башташты. 

Атып алган улук лейтенант аталган аскердик бөлүктүн жетекчиси, ал эми каза болгон лейтенант   ошол эле штаб жетекчисинин жардамчысы болгон. 

Каза болгон лейтенант Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтун, ал эми кесиптешин атып алган лейтенант Россиянын Пензадагы аскер окуу жайын бүтүргөн.

Белгилер:
Башкы штаб, Жаныбек Капаров, Ала-Бука

ЭҢ МААНИЛҮҮ