БП: Прокурордун орун басары жана ИИБ бөлүм башчысы пара алып жатканда кармалды

Жазылуу
Башкы прокуратура Ленин районунун прокурорунун орун басары, ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн начальниги жана тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалышкандыгын билдирди.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Ленин районунун прокурорунун орун басары, ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн начальниги жана тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалышты, деп кабарлады Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, аталган кызмат адамдары Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат 9-декабрда Кыргызстандын жаранынан ага карата козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 25 миң сом суммадагы пара алып жатканда кармалышкан. 

Кармалган адамдар ушул эле күнү Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына отургузулду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0