10:35 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Сотрудники противопожарной службы на отдыхе

Чоң-Алай районундагы бала бакчада өрт чыгып, 60 бала эвакуацияланды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
34 0 0

Чоң-Алай районунун Кызыл-Эшме айылындагы бала бакчадагы меш түтөп, балдардын өмүрүнө коркунуч алып келген.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кызыл-Эшме айылындагы бала бакчада 9-декабрда өрт чыгып, 60 бала коопсуз жерге көчүрүлдү. Бул тууралуу биздин кабарчыга Ош облусунун Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын башкармалыгынын башчысынын орун басары Жумабай Калдыбаев билдирди.

Чоң-Алай районундагы бала бакчада өрт чыгып, 60 бала эвакуацияланды
© Инфографика.
Чоң-Алай районундагы бала бакчада өрт чыгып, 60 бала эвакуацияланды

Маалыматка ылайык, бала бакчадагы меш эртең менен отту күчөткөндөн улам түтөп кеткен. Бала бакчанын тарбиячылары балдарды дароо сыртка чыгарып, тийиштүү кызматтарга кабар беришкен.

"Мешти салууда мор туура эмес орнотулгандыктан, ушундай жагдай келип чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр морду бузуп, кайра оңдошкон. Жалпысынан, мордун айланасындагы 6 чарчы метр жер бузулган. Балдар ошол эле күнү эки сааттан кийин имаратка кайта кирип, окутуу иштери улантылган. Бүгүн бала бакча штаттык режимде иштеп жатат", — деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 9-декабрда Чоң-Алай районунда абанын температурасы —20 градустун айланасында болгон.

Мештерди колдонуудагы коопсуздук эрежелерин Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >>

МЧС призывает граждан быть внимательными при обращении с огнем в отопительный период.
Правила безопасности при эксплуатации печей (кырг)

Тема боюнча

Мештерди колдонуудагы коопсуздук эрежелери
Белгилер:
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жумабай Калдыбаев, Чоң-Алай

ЭҢ МААНИЛҮҮ