"Кыргызнефтегаз" өлкөгө 5,4 миллион сом чыгым алып келген

© Sputnik / Сергей Козлов / Медиабанкка өтүүШебелинское отделение управления переработки газа
Шебелинское отделение управления переработки газа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы отун-энергетикалык комплексиндеги коррупциялык схемалардын бетин ачты.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Кыргызнефтегаз" ААКтын жаратылыш газын белгиленген ченемден көп коротконун аныктаган. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

11 ай ичинде укук коргоо жана күч түзүмдөрүнө эң көп кылмыш иши козголгон
Маалыматка ылайык, "Кыргызнефтегаз" ААКтын жооптуу кызматкерлери Кочкор-Ата шаарындагы акиташ чыгаруучу цехтерге газ сатууда белгиленген ченемден 883 миң 275 кубометр газды көп коротуп, 5 миллион 420 миң сомдук зыян алып келген.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук милициясынын тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү коротуу же ээлеп алуу") жана 221-беренеси ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин өз укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0