02:11 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Обстрел лавин на Транскавказской магистрали

Ашуулардагы кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери жүрүп жатат

© Sputnik / Владимир Иванов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
5 0 0

Ашуу жолдорундагы жол кыймылына коркунуч жараткан көчкүлөр атайылап атылып түшүрүлүүдө.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-267-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында кар көчкүсү түшүшү мүмкүн.

Өкмөттүн атайын токтомунун негизинде жол кыймылындагы тобокелчиликтин алдын алуу максатында 9-12-декабрь күндөрү КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Балыкчы жана Ош шаарларындагы аскер бөлүгүнөн артиллериялык топ ишке тартылды.

Кар көчкүлөрүн атып түшүрүү учурунда Бишкек – Ош унаа жолу жана Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылат. ӨКМдин басма сөз кызматы жарандардын бул күндөрү аталган жолдорго сапар албай туруусун эскертет.


Тема боюнча

Бишкекте кар адаттан тышкары көп жаады
Белгилер:
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ