06:00 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Борьба с преступностью

УКМК: элчиликтин кызматкери кармалгандыгы жөнүндө маалымат такталууда

© Sputnik / Сергей Венявский
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
6 0 0

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КРдин Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери кармалгандыгы туурасында маалымат текшерилип жаткандыгын маалымдады.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. КРдин Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери кармалгандыгы туурасында маалымат текшерилип жатат, деп билдиришти КР УКМКнын басма сөз кызматынан "Sputnik" маалымат сайтынын кабарчысына. 

Буга чейин жергиликтүү маалымдоо каражаттары кыргыз-казак чек арасында КРдин Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери кызматтык колдонууга берилген документти алып өтүүгө  аракет кылгандыгы үчүн кармалгандыгын жазып чыгышкан. Жергиликтүү маалымат агенттиктеринин кабарлаганына караганда, кармалган адам атайын кызматтын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген. 

УКМКда азырынча маалымат такталып жаткандыгын белгилеп, бул туурасында кененирээк айта албай тургандыктарын билдиршит. Мамлекеттик чек ара кызматындагылар дипломаттын чек арада кармалгандыгы туурасында фактынын катталбагандыгын кошумчалашты. 

Тема боюнча

Сот тыңчылык үчүн шектелген кызматкерди камакка алууга уруксат берди
Белгилер:
УКМК, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ