15:41 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Горожане в первый день снегопада.

Бишкек шаарынын муниципалдык кызматы түнү менен иштеди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
15 0 0

Борбор калаанын жолдорун тазалоо үчүн "Тазалык" ишканасынан бардык техникалары жана жумушчулары ишке чыкты.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын жолдорун кардан тазалоону улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Путешествие с отцом в малоизвестный зимний мир.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маалыматка ылайык, түнү бою шаардын негизги көчөлөрүндө тазалоо иштери кызуу жүргөн. Кечки саат тогуздан баштап "Тазалыктын" үч бригадасы көчөлөрдү тазалап баштаган. Тазалоо иштерине жалпысынан 27 даана атайын техника тартылган.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун айтымында, ишкананын жумушчулары шаарды кардан тазалоого колунун келишинче аракет кылышты.

"Борбор калаанын негизги жолдорун тазалоо иштери кечки саат тогузда башталып, түнкү саат экилерде аяктады. Таңкы саат сегизге чейин жолго кум, туз чачуу иштери жүрдү", — деди Сарпашов.

Андан сырткары тротуарларды тазалоого 544 жумушчу тартылган.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда шаарды кардан арылтуу иштери улантылууда.

Тайгактагы абайлоо чаралары жөнүндө Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >>

Меры предосторожности при гололеде (кырг)
Меры предосторожности при гололеде (кырг)

Тема боюнча

Тайгактагы абайлоо чаралары
Бүгүн Бишкектин жолдорун тазалоого 545 жумушчу чыкты
Белгилер:
"Тазалык" ишканасы, Рыспек Сарпашов

ЭҢ МААНИЛҮҮ