05:59 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Президент США Барак Обама

Обама "Фергюсонду" эки тарап менен маңдай-тескей отуруп талкуулайт

© Sputnik / Сергей Гунеев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
7 0 0

АКШ президенти жарандык укуктарды коргоочулар кыймылынын лидерлери, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер менен "коомчулук жана укук коргоо органдары кантип биргелешип иштеше ала тургандыктарын" талкуулоо үчүн жолугат.

БИШКЕК, 1-дек — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама Фергюсондогу окуяларга байланышкан бир катар маселелерди аткаминерлер жана жарандык укуктарды коргоочулар кыймылынын лидерлери менен өзүнчө талкуулайт деп билдирет РИА Новости.

Өткөн дүйшөмбүдө сот арачылары 9-август күнү Фергюсондо (Миссури штаты) 18 жашар афроамерикалык улан Майкл Браунду атып салган полиция кызматкери Даррен Уилсонду жоопкерчиликтен бошоткондон кийин, аталган шаарда, андан соң башка шаарлар менен штаттарда да массалык нааразычылыктар башталып, айрым учурларда алар талоончулук мүнөзгө өтүп кеткен.

Ак Үйдүн билдирүүсүнө караганда, мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушууда "тартип коргоо органдары үчүн атайын кийим-жабдык берүүчү программалар жана анын каржылоо абалы" талкууланат. "Рейтер" агенттигинин маалыматы боюнча, Обама август айында Браун атылып өлтүрүлгөндө эле аталган программаларды карап чыгууну тапшырган. 

Жолугушууларга вице-президент Жозеф Байден катышары айтылууда.

Тема боюнча

Фергюсондо нааразы эл дүкөндөрдү өрттөдү, ага полиция кийлигишкен жок
Фергюсонду наразылык толкуну каптап, Улуттук гвардия шаарды күзөтүүдө
Белгилер:
Жозеф Байден, Барак Обама, АКШ, Даррен Уилсон, Майкл Браун, Фергюсон

ЭҢ МААНИЛҮҮ