21:39 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Обучение студентов в Омской медицинской академии

Политехникалык университеттин филиалынын кызматкерлерине иш козголду

© Sputnik / Алексей Мальгавко
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
9 0 0

Прокуратура жалган документ жасоо боюнча Кара-Көл шаардык соцфондуна жана Кыргыз Улуттук техникалык университетинин филиалынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Жалал-Абад облусунун прокуратурасы Кара-Көл шаардык Социалдык фонддун башкармалыгындагы кызмат адамдарына жана аталган шаардагы Кыргыз Улуттук Техникалык университетинин филиалынын кызматкерлерине карата кылмыш жаза кодексинин 171-беренеси (ишенилип берилген мүлктү менчиктеп алуу), 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 350-беренеси (жалган документтерди жасоо) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылдын 26-октябрында Кыргыз Улуттук техникалык университетинин Кара-Көл шаарындагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан шаардык социалдык фондго К.Д. аттуу жарандын окугандыгы тууралуу жасалма маалымкат берилген. Анын жыйынтыгында Ч.Г. аттуу жаран 53 490 сом өлчөмүндөгү пенсияны мыйзамсыз алган. 

Андан сырткары, 2012-2014-жылдар аралыгында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Социалдык фонддун кызматкерлери үй-бүлөдөгү багуучусу каза болгондо берилчү пенсия жөнүндө жалган документтерди даярдап,188 196 сомду алышкан.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө жүрүүдө.

Белгилер:
КТУ, Социалдык фонд, Башкы прокуратура, Кылмыш

ЭҢ МААНИЛҮҮ