Санжар Бакиев эркиндикке чыкты

© Sputnik / Дмитрий Мотинов / Медиабанкка өтүүАрхив: Племянник К. Бакиева приговорен к 10 годам
Архив: Племянник К. Бакиева приговорен к 10 годам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санжар Бакиев 2013-жылдын март айында эле мунапыска туш келгени үчүн бошотулмак. Бирок, прокуратура ага карата мунапысты жокко чыгарып, Бакиев жаза мөөнөтүн толугу менен өтөдү.

БИШКЕК, 20-ноя — Sputnik. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жусупбек Бакиевдин баласы Санжар Бакиев жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу 19-ноябрда бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Cанжар Бакиев 2010-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны тинтүү учурунда жанынан ок атуучу куралдар, ок жана компьютер менен рация табылган. Мамлекеттик айыптоочу аны 25 жылга эркинен ажыратууну суранган. Бирок анын жактоочусу бул жакта "саясый жасалмалуулук" бар деген негиз менен аны актоону талап кылган. Жалал-Абаддын облустук соту Санжар Бакиевди "адам өлтүрүү", "өлтүрүү максатында адам уурдоо" беренелери боюнча актап, массалык баш аламандык уюштурган, мыйзамсыз курал-жарак сактаган жана бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук кылган деген негиз менен 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. Кийин Жогорку сот жаза мөөнөтүн 5 жылга кыскартып, мамлекетке 75 миң сом айып төлөө чечимин кабыл алган. 

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы буга чейин маалымдагандай, Санжар Бакиев 2013-жылдын март айында эриндикке чыкмак. Себеби, ал Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу чыккан мунапыска туш келген. Бирок, прокуратуранын суранычы менен ага карата мунапыс колдонулган эмес. Санжар Бакиев жаза мөөнөтүн толугу менен өтөгөн.

Белгилей кетсек, 2010-жылдагы март революциясынан кийин бир айдан соң Курманбек Бакиевдин кичи мекени Жалал-Абадда убактылуу өкмөткө каршы массалык баш аламандык болгон. Митингчилер Жалал-Абад облусунун администрациясын басып алышкан. Имаратты бошотуу аракеттери учурунда эки киши каза болгон. Ошондой эле бул башаламандыкты уюштурган деп качкында жүргөн президенттин бир туугандары Каныбек жана Жаныбек Бакиевдер айыпталууда. Алар учурда издөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0