ӨКМ: зилзаладан кийин кээ бир имараттарда жарака кеткен

© Фото / Пресс-служба МЧС КРЫсык-Көл областында жер титирөө болду
Ысык-Көл областында жер титирөө болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында 7 баллга жетти

БИШКЕК, 14 ноя — Sputnik. Тоң райондук администрациясынын өкүлдөрү жана Жарандык коргонуунун комиссиясы эртең менен болгон зилзаланын келтирген чыгымдарын аныкташ үчүн аймакты кыдырып, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Мындан сырткары, бүгүн эртең менен аталган министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы полковник Ибраев жетектеген ыкчам топ жер титирөө болгон Тоң районуна иликтөө иштерин жүргүзүүгө жөнөп кетти.

"Жарандык коргоо" деп аталган комиссия Ысык-Көл областындагы жер титирөөдөн кийинки социалдык объектилердин абалын текшерүүдө. ӨКМдин басма сөз кызматы кыйроолор жана курмандыктар болбогондугун, бирок, кээ бир имараттарга жарака кеткендигин билдирди. 

Жер титирөөнүн очогу Кажы-Сай айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Тоң айылынан 60 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0