ӨКМ: Кыргызстанда кооптуулук жараткан бир топ көлдөр бар

© Фото / Ирина ЧеркасоваАла-Арча улуттук коругу
Ала-Арча улуттук коругу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын 300гө чукул тоо көлдөрүн изилдеп, анын ичинен 29 көлдү кооптуу деп тапкан. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

БИШКЕК, 5 ноя  Спутник Кыргызстан. ӨКМдин кызматкерлери тиешелүү ведомстволордун, институттардын адистерине кошулуп тик учак менен Кыргыз, Алай жана Талас тоо кыркаларынын өрөөндөрүндөгү, Күңгөй жана Тескей Ала-Тоодогу жана Нарын дарыясынын өрөөнүнүн жогору жагындагы бийик тоолуу көлдөрдү изилдешкен. Жыйынтыгында, Талас облусунда — 1; Чүйдө — 8; Ысык-Көлдө — 8; Нарын облусунун аймактарынын изилденген бөлүгүндө — 5; Ошто — 5 көл жана Баткен облусунда — 2 көл кооптуу деп табылган. Илимий тил менен айтканда, бул 29 көлгө 1чи жана 2-даражадагы жырылып кетүү коркунучу бар деген аныктама берилген.

Кыргызстанда биринчи жолу сифондук ыкма колдонулуп, Адыгене мөңгү-көлүнүн коркунучу азайтылды.

"Керектүү жабдуулар орнотулуп, көлдүн деңгээли 1,3 метр төмөндөгөндөн кийин көлдөн агып чыккан суу токтоду", – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Буга чейин да тоо сууларынын нугунан чыгып кеткендиги туурасында маалыматтар таралып, коомчулукта дүрбөлөң жаралган учурлар болгон. Тактап айтканда, 2012-жылдын июль айында Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан Ала-Арча дарыясынын нугу кескин түрдө көтөрүлгөндүктөн, шаардыктар арасында "көл жырылып кетти" деген имиштер тарап кеткен. Абалга мониторинг жүргүзүү үчүн ӨКМдин ыкчам тобу барып, жеринен маалымат берип элди тынчтандырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0