Султанбекова: элдин жашоосун жакшыртуу үчүн ишкердикке шарт түзөлү

Жазылуу
Аткаминер айым Талас облусу салык жыйноо боюнча планды 107 пайызга аткарып, жакшы көрсөткүч жаратканына токтолду.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Талас дубанында болгон вице-премьер Чолпон Султанбекова облустун жетекчилери менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын бизнес өкүлдөрү менен кызматташууга көңүл бурууга чакырды. Чогулуш 2016-жылда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча жыйынтык чыгаруу жана быйлыкы жылдын пландарын бекитүү боюнча өткөн. 

Андан сырткары, аткаминер айым Талас облусу салык жыйноо боюнча планды 107 пайызга аткарып, жакшы көрсөткүч жаратканына токтолду.

"Мындай көрсөткүчтөр менен токтолуп калбастан, элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Облус менен район жетекчилери ишкердикти өнүктүрүүгө зарыл болгон шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү", — деди Султанбекова.

Булардан сырткары, вице-премьер өлкөдөгү телекөрсөтүүнүн санарип форматына өз учурунда өтүү боюнча программанын маанилүүлүгүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0