Улуттук банк быйыл биринчи жолу доллар сатты

© REUTERS / Dado RuvicКурс доллара в Кыргызстане
Курс доллара в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интервенциялар валюта курсунун олку-солкулугун турукташтыруу үчүн жасалат. Былтыр Улуттук банк 192 миллион доллар сатып алса, 150 миллионго чукул доллар саткан.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Өлкөнүн башкы банкы шейшемби күнү валюта базарына чыгып, 11 миллион 850 миң доллар сатканы мекеменин сайтында маалымдалат. 

Бул Улуттук банктын быйылкы жылдын эсебинен валюта базарына биринчи ирет чыгышы. Расмий сайтта белгиленгендей, шаршемби күнү доллардын баасы 20 тыйынга жогорулап, 69,48 сом болду. 

Эскерте кетсек, интервенциялар ар кандай себеп менен жасалат, мында негизинен валюта курсун турукташтыруу максатталган. Былтыр Улуттук банк 192 миллион доллар сатып алса, 150 миллионго чукул доллар саткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0