Путин Кыргызстанга мунай жеткирүү жөнүндө келишимди ратификациялады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүНефть ташуучу эшелон. Архив
Нефть ташуучу эшелон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин кол койгон мыйзамда Россиядан Кыргызстанга алып келинген товарлардын көлөмүнө бажы салыгы алынбайт деп көрсөтүлгөн. Мындай жол менен алып келинген товарларды үчүнчү жакка реэкспорт кылууга тыюу салынат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Россия менен Кыргызстандын ортосунда мунай жана мунай заттарын жеткирүүдө кызматташуу боюнча келишимди ратификациялады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. 

Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге 2016-жылы 6-июнда кол коюлган. Ага ылайык, эки мамлекеттин өкмөттөрү жыл башында Кыргызстандын ички керектөөсүндөгү мунай жана мунай заттарынын көлөмүн жана номенклатурасын макулдашат.

Двенадцатая ежегодная большая пресс-конференция президента РФ Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Путин: фитосанитария жаатында Кыргызстанга РФ менен Казакстан жардам берет
Путин кол койгон мыйзамда Россиядан Кыргызстанга алып келинген товарлардын көлөмүнө бажы салыгы алынбайт деп көрсөтүлгөн. Мындай жол менен алып келинген товарларды үчүнчү жакка реэкспорт кылууга тыюу салынат.

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Куловдун айтымында бул келишим Кыргызстанга бир нече жеңилдиктерди берет: салыктар жоюлат, импорттолгон күйүүчү майга акча кадыресе аз төлөнөт, ички өндүрүш өнүгүп, кошумча жумушчу орундары түзүлөт.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан бир жылда 1,3 миллион тонна күйүүчү жана майлоочу май колдонот.

Жаңылыктар түрмөгү
0