Иштамберди кенинен биринчи жолу Доре алтыны алынды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүДоре — 85 пайыздуу алтын эритмеси. Архив
Доре — 85 пайыздуу алтын эритмеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кенде 410 киши иштейт. Быйыл 671,18 килограмм алтын өндүрүү пландаштырылган. Электр энергиясынын жетишсиздигинен улам компания кыш мезгилинде ишин токтотууга аргасыз.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жайгашкан Иштамберди кенинен биринчи жолу Доре — 85 пайыздуу алтын эритмеси алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик геология агенттиги билдирди.

Учурда аталган кен Full Gold Mining компаниясы тарабынан иштетилип келет. Фабрика өз ишин 2011-жылы баштап, 2014-жылдан тарта кен казуунун жаңы технологиясы киргизиле баштаган. Бул ага чейинки фабриканын ишмердүүлүгү натыйжасыз болуп келгенине байланыштуу болгон. Гидрометаллургиялык цехте казылган кенден 55 пайыз гана алтын алынып, калганы таштандыга кетчү. Буга байланыштуу кенди иштетүүнүн ыкмасын өзгөртүү чечими кабыл алынган.

"2016-жылы фабрика реконструкцияланып, кен тазалоочу аймактар ишке берилген. Бул аракеттерден соң алтын алуунун көлөмү 85 пайызга жеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишемби күнү Иштамберди кенинде алгачкы жолу Доре же 80 пайыз даярдыктагы алтын алынды.

"Эритмеден алтынды көрүүгө болот, ал эми буга чейинки концентраттан алтынды байкоого мүмкүн эмес эле", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кенде 410 киши иштейт. Быйыл 671,18 килограмм алтын өндүрүү пландаштырылган. Электр энергиясынын жетишсиздигинен улам компания кыш мезгилинде ишин токтотот.

Жаңылыктар түрмөгү
0