Президент Роуханинин иш сапарынын алкагында кыргыз-иран бизнес-форуму өтөт

© AP Photo / Bebeto MatthewsИран мамлекетинин президенти Хасан Роуханинин архивдик сүрөтү
Иран мамлекетинин президенти Хасан Роуханинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран президенти Кыргызстанга 22-23-декабрда келери күтүлүүдө. Эки өлкөнүн президенттери кызматташуу боюнча бир катар меморандумга кол коюуну пландап жатышат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. 23-декабрь күнү Иран мамлекетинин президенти Хасан Роуханинин расмий иш сапарынын алкагында Бишкекте эки өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери менен ишкерлери катышкан бизнес-форум өтө турганын Инвестицияны алга жылдыруу агенттигинин маалымат кызматынан билдиршти. 

Атамбаевди Индияга болгон сапары: атылган замбиректер жана тизилген аскерлер - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди Индияга болгон сапары: атылган замбиректер жана тизилген аскерлер
Ирандын президенти бул жумада Кыргызстанды кошкондо үч мамлекетке барары айтылган. Кыргызстанга 22-23-декабрь күндөрү келиши күтүлүүдө

Алмазбек Атамбаев менен Хасан Роухани эки тарапттуу кызматташуу боюнча бир катар меморандумга кол коюуну пландап жатышат. 

Ал эми бизнес-форумдун негизги максаты — соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо менен бирге кызматтык байланыштарды күчөтүү жана Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен таанышуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0