Көлдөгү сүт өндүрүү долбоорун иштеп чыгууга 525 миӊ доллар грант бөлүнөт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк ортосундагы "КРдеги сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоор" жөнүндө макулдашуу каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Ысык-Көл облусунун сүт өндүрүү тармагын жакшыртуу максатында 525 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу КРдин Жогорку Кеңештин сайтында айтылды.

Маалыматка ылайык, каражат негизинен төрт багытка жумшалат. 

"Келишимге ылайык каражат жеринде изилдөөлөрдү жүргүзүү, тиешелүү документтерди даярдоо багыттарына жумшалат. Ошону менен бирге мекемелердин мүмкүнчүлүгүн арттыруу, гранттык аудиттерди жүргүзүү иш-чаралары болот", — деп айтылат маалымматта. 

Маалыматка ылайык, гранттын эсебинен атайын долбоор иштелип чыккан соӊ, пилоттук долбоорду ишке ашырууга 25 миллион доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлүнөт. 

Каражат 2017-жылдан тарта түшө башташы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0