Атамбаев: ишкерлердин башына келчү мүшкүлдүн баарын көрдүм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызско-индийский бизнес форум с участием президента КР
Кыргызско-индийский бизнес форум с участием президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы индиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Индияга болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-индия бизнес форумуна катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Президент жыйын учурунда ишкерлер туш болуп жаткан кыйынчылыктарды жакшы билерин айткан. 

"Менин саясий карьерам бизнесмен кезимде башталган. Өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин Кыргызстанда алгачкы жеке бизнес ачкандардан болдум. Мен ишкерлердин башына келчү кыйынчылыктардын баарын көрдүм", — деп билдирди Атамбаев. 

Государственный визит президента КР Алмазбека Атамбаева в Индию - Sputnik Кыргызстан
Индия онкологиялык ооруларды дарылаган 2 млн. долларлык жабдуу тартуулайт
Президент бизнести өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүнү көптөн бери максат койгонун белгилеп өттү. 

"Мен Кыргызстанда бизнесмендерди кайра-кайра текшерип, пара талап кылбастан, аларга өлкөнү багып жаткан адамдар катары мамиле жасалган маанайды жаратууга ар дайым умтулуп келгем", — деди өлкө башчысы. 

Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын реформасы тууралуу сөз кылып, ишкерлерди бир гана салык кызматы текшере турганын белгиледи. 

"Менимче, биз бизнес эң мыкты корголгон өлкө болобуз. Бизнес Европадагыдай корголушун тилек кылар элем", — деген Алмазбек Атамбаев быйыл биринчи жолу чакан жана орто бизнеске жылына 4-5 пайыз менен 10 миллиард сом бөлүнгөнүн кошумчалады. 

Мамлекет башчы индиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги менен президенттин аппаратына Индия жарандарынын виза алуу жол-жоболорун жеӊилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0