Финансы министрлиги: кийинки жылы доллар 72,7 сомго чейин өсүшү мүмкүн

Жазылуу
Кыргызстанда валюта курсу эркин болуп саналат. Мындан улам мамлекеттик органдардын аны так белгилөөгө укугу жок.

БИШКЕК, 20-дек. —Sputnik. Республиканын 2017-жылга карата бюджети доллардын 72,7 сомдук наркы менен түзүлдү. Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кийинки жылдын бюджетинде киреше 126,8 миллиард сомду түзсө, чыгаша 152,2 миллиард сомдун чегинде белгиленди. Мында бюджеттин таңкыстыгы 23,3 миллиард сом же ички дүң продукциянын 4,7 пайызын түздү.

"Адатта бизде чет элдик валюта менен төлөнүүчү төлөмдөр ошол эле валюта менен толукталат. Кийинки жылы доллардын баасы 72,7 сом деп божомолдонду", — деди Касымалиев.

Ал эми министрликтин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков Кыргызстанда валюта курсу эркин экенин айтып, аны бекитүүгө мамлекеттик органдардын укугу жок экенин эскертти.

24 жыл ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү кандайча өзгөргөндүгүн жана аны кимге төлөө керектигин Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0