Россия Кыргызстанга 73 млн. рублдик ветеринардык жабдуу берди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСанитарно-ветеринарный контроль мяса в Казани
Санитарно-ветеринарный контроль мяса в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядан келген өлчөп-ченөөчү жабдуулар Бишкек жана Оштогу ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлоруна бөлүштүрүлдү.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстанга 73 миллион рублге бааланган атайын жабдуу бергендигин РФтин бажы кызматынын өкүлчүлүгү билдирди. 

Работа скотобойного цеха “Торо” - Sputnik Кыргызстан
ЕЭК өкүлү Кыргызстандагы ветлабораториялардын жакшыртылышына канааттанды
Жабдуулар Кыргызстанга ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында техникалык кызматташуу иретинде берилди. 

Ошто ушуну менен экинчи жолу 73 миллион рублге бааланган спектрофотометр, газ хроматограф сыяктуу өлчөп-ченөөчү жабдуулар тапшырылды. 

Аппараттар КР өкмөтүнүн алдындагы фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек жана Ош шаарларындагы аймактык борборлорунун ветеринардык лабораторияларына берилди. 

Жабдуулар ветеринардык көзөмөлдөөгө алынчу товарларды иликтөөгө, адардын ЕАЭБдин техникалык регламентине жооп берерин аныктоого колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0