Ноябрда Кыргызстандын валюта резерви 26 млн. долларга кыскарды

Жазылуу
Улуттук банк ноябрь айында үч жолу валюта базарына үч жолу чыгып, 29 миллион 710 миң доллар сатты.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Ноябрдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын эл аралык валюта резерви 26 миллион 160 миң долларга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылды.

Курс доллара США - Sputnik Кыргызстан
Доллардын курсу көтөрүлөбү же көмөрүлөбү? Эксперттер эмне дейт?
Маалыматка ылайык, каржы жөндөгүч ноябрь айында үч жолу валюта базарына чыгып, жалпысынан 29 миллион 710 миң доллар саткан. Өткөн айда доллардын курсу 27 тыйынга өсүп 69,15 сомду түздү. Резерв 30-октябрга карата 1 миллиард 944 миллион 30 миң долларды, ноябрдын аягында 1 миллиард 917 миллион 870 миңди түздү.

Резерв эл аралык эсеп-кысап, төлөмдөр, таңкыстыкты жабуу жана улуттук валюта курсун турукташтыруу үчүн колдонулат. Эл аралык валюта резерви алтындан, ар түрдүү өлкөнүн валютасынан жана Эл аралык валюта фондусунун валютасынан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0