Салык кызматы жарандарды жыл аягына чейин салыктарды төлөөгө чакырат

© Фото / пресс-служба ГНС КРЗаполнение единой налоговой декларации
Заполнение единой налоговой декларации - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеме ишкерлик менен алектенген адамдардан рейд учурунда административдик айып пул төлөбөө үчүн алдын ала патент сатып алуусун суранат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын жалпы жарандарын декабрь айынын аягына чейин салыктарды төлөп бүтүрүүгө чакырды. 

Работа сотрудников ПМ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте салык төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд жүрүп жатат
Маалыматта жазылгандай, жарандардан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ошондой эле жер салыктарын ушул жылдын аягына чейин жабуусу талап кылынат.

Мындан тышкары, салык кызматы ишкерлик менен алектенген адамдардан рейд учурунда административдик айып пул төлөбөө үчүн алдын ала патент сатып алуусун суранат.

Мамлекеттик салык кызматы жалпы жарандарга 09.00дөн 18.00гө чейин тыныгуусуз иштей турганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0