Кыргызстанга чет жактан которулган акчанын көлөмү 200 млн. долларга өстү

© AFP / HOANG DINH NAMРабота обмена валюты в Ханое
Работа обмена валюты в Ханое - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын берген маалыматында каражаттын көбүн Россиядагы мигранттар которгон.

БИШКЕК, 17-ноя.— Sputnik. Чет мамлекеттердеги мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы былтыркы жылга салыштырмалуу 195 миллион долларга өскөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар 7 ай ичинде 1 млр. доллардан ашык акча жөнөткөн
2015-жылы январь айынан сентябрга чейин мигранттар которгон акча 269,9 миллион долларды түзсө, 2016-жылы тогуз ай аралыгнында аталган сумма 1 миллиард 465,9 миллион долларга жеткен.

Улуттук банктын берген маалыматында бул акчанын көбүн Россиядагы мигранттар которгон.

Ал эми Казакстандан которулган сумма 2,4 миллион долларды түзүп, алыскы өлкөдөн которулган акчалар 39 миллион долларга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0